2026-11-04 14:20:53 9
2026-жылдын 3–5-ноябрь күндөрү «Борбордук Азиянын “Бирдиктүү ден соолук” концепциясы: калктын ден соолугу, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү үчүн илим, билим берүү жана өнөктөштүк» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ачылышында ОшМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору ф-м.и.д., профессор Д.А. Турсунов жана "Жашыл Альянс КФ" директору К.М. Сулайманова сөз сүйлөдү. Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин Биохимия жана дары каражаттарынын фундаменталдык химиясы кафедрасында «Калктын ден соолугу, азык-түлүк коопсуздугу жана экологиялык туруктуу өнүгүү үчүн дисциплиналар аралык изилдөөлөр жана жаштардын демилгелери» аттуу секция өткөрүлдү. Секциянын модератору болуп кафедра башчысы, б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев жетекчилик кылды. Конференция онлайн жана офлайн форматтарда уюштурулуп, ага эл аралык жана донордук уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, окутуучулар, изилдөөчүлөр, PhD докторанттар студенттер, жаш окумуштуулар катышты.