11.11.2026-ж. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын чоң жыйындар залында энелик өлүм учурларын клиникалык-эксперттик талдоо боюнча жыйын өткөрүлдү.

2026-11-12 09:27:07 3

2026-жылдын 11-ноябрында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын чоң жыйындар залында энелик өлүм учурларын клиникалык-эксперттик талдоо боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чара Ош облусунун саламаттык сактоо координаторунун 2026-жылдын 9-ноябрындагы №208 буйругунун негизинде уюштурулуп, энелик өлүмдүн себептерин ар тараптуу талдоо, кош бойлуу аялдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана алдын алуу чараларын күчөтүү максатын көздөдү. Жыйынга Ош облусундагы төрөт мекемелеринин жетекчилери, акушер-гинекологдор, клиникалык адистер жана эксперт-рецензенттер катышты. Клиникалык-эксперттик талдоо жүргүзүү үчүн төмөнкү адистер дайындалган: Субанова Гүлжамал Арстаналиевна — медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы. Каримова Назгүл Абдижалиловна — медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинин акушердик, гинекология жана хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы. Байматов Сабыр Кудайбердиевич — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы, Ош облусунун башкы кардиологу. Жыйындын жүрүшүндө энелик өлүмгө байланыштуу клиникалык учурлар, кош бойлуулук мезгилиндеги медициналык көзөмөл, төрөттү жүргүзүүнүн тактикасы, кош бойлуу аялдардагы кошумча ооруларды өз убагында аныктоо жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча маселелер каралды.