2026-11-12 11:15:15 3
ОшМУнун медицина факультетинде террордук акт коркунучу жаралган учурда көрүлүүчү чаралар боюнча жыйын өткөрүлдү ОшМУнун медицина факультетинде «Алгоритм действий при угрозе акта терроризма» темасында административдик кеңештин жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга жалпы медицина факультетинин административдик курамы катышты. Жыйында террордук акт коркунучу жаралган учурда кызматкерлердин аракеттеринин тартиби, коопсуздук эрежелерин сактоо, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана туура чечим кабыл алуу, ошондой эле студенттердин жана кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо маселелери каралды. Жыйындын жүрүшүндө коопсуздук талаптарын так сактоо, шектүү жагдайлар байкалган учурда тиешелүү кызматтарга өз убагында маалымдоо жана өзгөчө кырдаалдарда биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Негизги максат — факультетте коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү.