2026-11-14 03:24:45 21
ОшМУнун Дарылоо иши адистигинин 1-курсунун 19-тобунун студенти Шанабаев Артур Айипбекович жана 10-топтун студенти Койгелдиева Айсанат Эрлановна окуудагы жана спорттогу өзгөчө жетишкендиктери үчүн 2026-жылы Астана шаарында өткөн «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык сынактын I даражадагы дипломунун ээлери болушту. Студенттерибиздин бул жеңиши — алардын жеке ийгилиги гана эмес, жалпы университетибиз үчүн да чоң сыймык жана жогорку жетишкендик. Ош мамлекеттик университети студенттеринин ийгиликтери менен сыймыктанат жана аларга мындан аркы окуусунда, илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы бийиктиктерди багындыруусун каалайт! Белгилей кетсек, «Даму» эл аралык сынагы таланттуу жаштарды колдоого жана катышуучу өлкөлөрдө жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган.