2026-11-14 14:23:14 4
2026-жылдын 13-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде «Аял, үй-бүлө – улуттун уңгусу жана тиреги» аталышындагы Ош облустук аялдар форуму болуп өттү. Форумга мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, илим-билим тармагынын адистери, ишкер айымдар жана аялдар кеңештеринин мүчөлөрү катышып, аялдардын коомдогу орду, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана ден соолукту сактоо маселелерин талкуулашты. Форумга Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Субанова Гулжамал Арстаналиевна спикер катары катышты. Ал «Аялдын ден соолугу — улуттун байлыгы» темасында менопауза мезгилиндеги аялдардын ден соолугун сактоо, гормоналдык өзгөрүүлөр, оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо образынын маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди. Форум аялдардын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга, ден соолук маданиятын калыптандырууга жана коомдогу активдүү ролун бекемдөөгө багытталды.