Студенттер күнү!

2026-11-17 06:51:50 6

Кымбаттуу студенттер! Силерди бүгүнкү Студенттер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн — жаштыктын, изденүүнүн, билимге умтулуунун жана келечекке болгон чоң үмүттүн майрамы. Медицина факультетинин студенттери катары силер өзгөчө жоопкерчиликти көтөрүп бара жатасыңар. Дарыгер болуу — бул кесип эмес, бул адам өмүрүнө кызмат кылган улуу миссия. Силердин талыкпай окуп, учурда жасап жаткан күч-аракеттериңер, эртең элге жарык тартуулаган адистер болуп чыгууну камсыздайт. Ар бириңерге чың ден соолук, бекем эрк, үзүрлүү илимий ийгиликтерди жана келечектеги кесиптик жолуңарда чексиз жеңиштерди каалайм. Силердин аракеттериңер, көксөгөн максаттарыңар жана билимге болгон умтулууларынар биздин факультеттин сыймыгы. Жаштыгыңар күчкө толуп, ар бир күнүңөр жаңы мүмкүнчүлүктөргө бай болсун! Силерге ишенебиз, силер менен сыймыктанабыз! Майрамыңыздар кут болсун! Урматым менен, медицина факультетинин деканы, К.М. Мамашарипов