2026-жылдын 16-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде студенттик илимий конференция болуп өттү.

2026-11-17 08:43:50 3

Конференциянын алкагында медициналык факультеттин 5- курстун студенттери Исаков Сардор жана Алтынбек кызы Айдай «Түндүк жана Түштүк Кыргызстандын алдыңкы стационарларынын базасында жүрөктүн коронардык оорусу менен жабыркаган бейтаптар арасында кант диабетинин таралышын аймактык изилдөө» деген темада илимий баяндама жасашты. Студенттердин илимий жетекчиси — Абдраева Феруза Асылбековна, госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучусу. Конференция студенттердин илимий изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга жана кесиптик билимдерин тереңдетүүгө багытталды.