ПРЕПОДАВТЕЛЯМ

06.11.24ж Илим жумалыгынын алкагында студенттердин «СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС XI» аттуу илимий конференциясы болуп өттү. Бул конференцияга кафедрадан 3 илимий доклад угулду. Конференцияга төмөнкү студенттер катышты: 1. Тема: “Калкан сымал безинин сезгенүүсү”, студент: Кеңешова Зарина Улугбековна, лк-21-22,илимий жетекчиси: б.и.д., профессор Таасилкан Токтомаматовна 2. Тема: “Биохимическая роль гемоглабина”, студент: Раманова Бермет Маратовна, лк-21-22, илимий жетекчиси: б.и.д., профессор Таасилкан Токтомаматовна. 3 Тема: “Неправильное питание как ведущий фактор развития гастрита у студентов медицинских учреждений”, студент : Сейтекова Айсель, лк-З-22, илимий жетекчиси: окутуучу Жолдошова С.А. Студенттер активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты. Уюштуруучуларга , илимий жетекчилерге жана студенттерге терең ыраазылык билдиребиз. Медицина факультетинин студенттерине жана агай-эжекелерге дагы көп илимий ийгиликтерди каалайбыз!!!
2024-жылдын 18- ноябрдан 22-ноябрга чейин ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультетинде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги менен ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультети уюштурган "Academic Publishing Mastery" аттуу Жогорку окуу жайлар аралык 5 күндүк семинарга Жалал-Абаддан, Баткенден жана Оштогу жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары Н.Ташматова, И.Мырзабаев жана Э.Ырысбаевдер катышты. 5 күндүк семинарда окутуучулар SKOPUS базасындагы маалыматтар менен таанышуу, макалаларды жайгаштыруу, сандык сапаттык анализдерди жасоо, SPPS программада иштөө тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту. Семинардын катышуучуларына Борбордук Азиядагы Америка Университетинин phD Миргүл Низаева жана Ала -Тоо эл аралык университетинин phD Урматбек Тыналиевдер келип сабак өтүштү.
1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү 1988-жылы биринчиден эл-аралык күн болуп калды. Ар жылда СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата маанилүү теманы көтөрүп, аны ар бир мамлекет девиз катары колдонот. Бүгүнкү күнгө карата "Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология" кафедрасынын окутуучулары:Топчубаева Э.Т жана Абдыкарова А.С куратордук тайпасына “Биз СПИД илдетине каршыбыз” деген темада студенттерге ачык сабак өтүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мында СПИДге каршы күрөшүү, студенттерге жугуштуу илдеттин инфекциясынын түшүнүгү, жугуу жолдору, оорунун этаптары, ВИЧ-инфекциясын дарылоо жана алдын алуу жөнүндө айтып берди. Окуучуларга слайд көрсөтүлүп, бардык берилген суроолорго жооптор берилди. Максат студенттерди жугуштуу илдет боюнча маалымат менен кабардар кылуу!
2024-жылдын 13-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинде өткөн «Изменение климата, проблемы и перспективы рационального использования природных ресурсов» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышып кайтышты. Конференциянын алкагында окутуучулар илимий баяндамаларын сунуштап, актуалдуу экологиялык жана биомедициналык маселелерди талкуулашты. Илимий коомчулук менен тажрыйба алмашуу максатында маанилүү идеялар айтылып, конференциянын жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты. Конференцияга катышкан окутуучулар: Салттуу форматта: • профессор Жумабаева Т.Т. • б.и.к. Ташматова Н.К. • Жаркынбаева Р.А. • Топчубаева Э.Т. • Абдуллаева М.А. • Мырзабаев И.М. Онлайн форматта: • Абдыкарова А.С. • Жолдошева С.А. Бул илимий жолугушуу жаӊы изилдөөлөрдүн багытын аныктоого, кесиптик байланышты чыңдоого жана келечектеги илимий кызматташтыкты өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түздү. Илимде чек жок! Билим – прогресстин ачкычы!
2024-жылдын 18-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасында заманбап окуу-илимий лабораториянын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Илим-билимге багытталган бул маанилүү иш-чарага: ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, Эл аралык медицина факультетинин деканы Калматов Роман Калматович, Медицина факультетинин деканы Ыдырысов Исматилла Токтосунович, Факультеттин административдик кеңешинин мүчөлөрү катышты. Заманбап жабдылган лаборатория университеттин ички каражаты жана долбоордун алкагында каржыланып, чет өлкөдөн алынып келинген инновациялык шаймандар менен камсыздалган. Бул жаңы лаборатория медицина факультетинин илимий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, студенттердин жана жаш изилдөөчүлөрдүн эксперименттик ишмердүүлүгүн жогорулатууга чоң шарт түзөт. Лабораториянын ачылышы – билим менен практиканын айкалышын бекемдөөгө, студенттердин сапаттуу билимин арттырууга, жаш илимпоздорду жана аспиранттарды илимий изилдөөлөргө шыктандырууга багытталган. Илим жана билим жолундагы бул чоң жетишкендик келечектеги дарыгерлердин жана изилдөөчүлөрдүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат! Билим – келечекке инвестиция!
2024-жылдын 6-11-январь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасынын биология илимдеринин кандидаты, доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган “Жеке сайтты түзүү аркылуу илимий маалыматтарды электрондоштуруу” аттуу 72 сааттык семинар-тренингге катышып, аны ийгиликтүү аяктады. Бул окутуу заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу илимий эмгектерди кеңири аудиторияга жеткирүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган. Семинардын алкагында илимий маалыматтарды электрондоштуруу, санарип платформаларды натыйжалуу пайдалануу жана жеке илимий сайтты түзүү боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилди. Өзүнүн билимин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы аракеттерин эске алуу менен, Молдалиев Жоомарт Тумакович атайын сертификат жана ыраазычылык баракча менен сыйланды.
2025- жылдын 20-февраль күнү кафедранын окутуучусу Абдуллаева Мунара Абдивалиевна дарылоо адистигинин 17-тайпасына «Перифериялык кан айлануунун жана микроциркуляциянын бузулушу» темасында ачык сабак өттү. Сабакта студенттердин активдүү катышуусу менен кызыктуу жана мазмундуу болду. Сабактын жүрүшүндө окутуучу төмөнкү негизги аспектилерге көңүл бурду: Перифериялык кан айлануунун мааниси жана анын бузулуу механизмдери Ишемия, веноздук гиперемия, тромбоз, эмболия жана микроциркуляциянын бузулуусу Оорулардын патологиясы, клиникалык көрүнүштөрү жана диагностика ыкмалары Дарылоо жана алдын алуу жолдору Ошондой эле заманбап окутуу ыкмалары колдонулду: ролдук оюндар, «Мээ чабуулу» жана «Лидер – жетектөөчү» методу колдонулду . Андан сырткары, эки студент ошол эле учурда кроссворд түзүштү. Студенттер сабакка активдүү катышып, тематикалык суроолорго жооп беришти, клиникалык учурларды талкуулашты жана логикалык оюндар аркылуу өз билимдерин бекемдешти.
Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын окутуучусу Абдыкарова А.С 3 пр -1 тайпасына “Нерв системасынын патологиясы” темасында ачык сабак өткөрдү. Окутуучу сабак башталганда нерв системасынын структурасы жана анын бузулушу тууралуу түшүнүктүү түшүндүрмөлөрдү берди. Абдыкарова А.С сабакты өтүп жатканда теориялык маалыматты практикалык мисалдар менен бекемдеди. Ал нерв системасынын патологиялык өзгөрүүлөрүнүн адамдын денесине кандай таасир этерин көрсөтүп, көптөгөн клиникалык учурларды келтирди. Студенттер абдан кызыгып, тирүү мисалдар менен сабакты өтүштү. Ошондой эле, нерв системасынын бузулууларын аныктоо үчүн колдонулуучу методдорду жана диагностика ыкмаларын да кеңири түшүндүрүп берди. Сабактын аягында, окутуучу студенттердин суроолоруна жооп берип, ар биринин түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрүп, терең талкууларды уюштурду. Жалпы алганда, бул ачык сабак студенттер үчүн кызыктуу өтүп, алар нерв системасынын патологиясы тууралуу терең билим алышты.
04.04.25 ж Наманган мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы б.и.д., профессор Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович жетектеп келген чоң делегация менен факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т катышкан жолугушууда көптөгөн маселелер боюнча илимий жана практикалык пикир алышуулар болду. Бул жолугушуунун негизги максаты – академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү жана окутуу процессинин сапатын жогорулатуу багытында пикирлер менен бөлүшүү болду. Тажрыйба алмашуу программасынын инициатору “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т жана кафедранын окутуучулары тарабынан "Актуальные вопросы высшего медицинского образования: роль биохимии и патофизиологии" аттуу темада эл аралык семинар уюштурулуп, анда тармактын алдыңкы адистери тарабынан берилген лекциялар жана илимий баяндамалар окулду. Семинарда актуалдуу илимий докладдар талкууланып, тажрыйба алмашуу аркылуу келечектеги биргелешкен илимий долбоорлордун негизинде кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды. Иш-чара ийгиликтүү аяктап, катышуучулар өз ара пикирлери менен бөлүшүп, университеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жаңы багыттарды түзүүгө умтулуу тууралуу позитивдүү көз караштарды билдиришти.
16 мая 2025 года в г.Джалал Абаде состоялась VIII Международная научно-практическая конференция «ЦАММУ — ключ к науке» на тему: «Интеграция науки и практики в здравоохранении: Всемирный день семейного врача в контексте фармацевтики, химии, медицины и других наук». Конференция была посвящена Всемирному дню семейного врача и 70-летию Почётного профессора ЦАММУ, доктора фармацевтических наук, профессора школы фармации НАО “Карагандинский медицинский университет” Раисы Мусулманбековны Абдуллабековой. С научным докладом на пленарном заседании выступила профессор, член-корреспондент КР УИА, Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна, которой было присвоено звание “Почётного профессора” Центрально-Азиатского международного медицинского университета. Также с докладами выступили: • к.м.н. Топчубаева Элида Таировна , которая была награждена дипломом I степени, • Абдыкарова Айпери Садирдиновна — дипломом II степени, • Маматова Бурул Мааматовна — сертификатом участника. Также , в работе конференции приняли участие преподаватели кафедры: к.б.н., Ташматова Нурила Кубатовна, Жаркынбаева Роза Абдимаматовна, Алдозова Калбу Алдозовна и Абдуллаева Мунара Абдивалиевна — в онлайн-формате. Поздравляем всех участников с достойными выступлениями и желаем дальнейших научных успехов и достижений!
14.05.2025 прошла III Международная олимпиада по фундаментальным и морфологическим дисциплинам в КГМА им. И.К.Ахунбаева городе Бишкек. Из ОшГУ приняли 9 студентов, 7 из которых получили призовые места, а также двое студентов получили номинации. Жээнбекова Наргиза студентка 2 курса, подготовленная д.б.н., профессором, а также заведующей кафедры «Общей, клинической биохимии и патофизиологии» Жумабаевой Т.Т., была награждена дипломом 3 степени по дисциплине биологическая химия!!! 14.05.2025 прошла III Международная олимпиада по фундаментальным и морфологическим дисциплинам в КГМА им. И.К Ахунбаева городе Бишкек. Из ОшГУ приняли 9 студентов, 7 из которых получили призовые места, а также двое студентов получили номинации. Жолонбаева Анжелика студентка 3 курса, подготовленная преподавателем кафедры общей, клинической биохимии и патофизиологии Ырысбаевым Э.Ы., была награждена дипломом 3 степени по дисциплине патологическая физиология. Поздравляем с достойным результатом! Желаем дальнейших успехов и научных достижений!!!
20.05.2025 г на Медицинском факультете Ошского государственного университета состоялся визит уважаемых гостей из Кавказского университета — Prof. Dr. Онура Атакиши и Мехмета Эзера. В рамках встречи гости посетили кафедру «Общей, клинической биохимии и патологической физиологии», где ознакомились с деятельностью кафедры и обсудили перспективы сотрудничества с деканом факультета д.м.н, профессором И.Т. Ыдырысовым, заведующей кафедрой, профессором Т.Т. Жумабаевой и к.б.н, доцентом Ж.Т. Молдалиевым. Многолетняя дружба, зародившаяся на почве научного интереса, сегодня переросла в крепкое партнёрство, основанное на взаимном уважении, доверии и общих ценностях. Наши гости стали для нас не просто коллегами, а по-настоящему близкими людьми — частью нашей академической семьи. Мы уверены, что впереди нас ждёт ещё больше плодотворных встреч, совместных проектов и значимых успехов!!! #ОшМУ #МедициналыкФакультет #ЭлАралыкСотрудничество #КавказскийУниверситет #ОкумуштуулукДостук
13-май күнү ОшМУнун башкы корпусунун чон жыйындар залында медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасы тарабынан уюштурулган Илим жумалыгына карата "Мыкты биохимик- III" КВН- олимпиадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Дарылоо иши, педиатрия, фармация жана стоматология адистиктеринин студенттери активдүү катышты. Калыстар тобунун чечими менен Гран-при Диплому, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 2-агымынан куралган "Биофиксики" командасы, I даражадагы Диплом, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 1-агымынан куралган "Снос токсинов" командасы пр-15, пр-17, пр-21 тайпасынын студенттери, II даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты Фармация витасмайл командасы, III даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты Педиатрия реактивки командасы багындырышты. Мындан тышкары уюштуруучу жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамына медицина факультетинин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы б.и.к., доцент А.Э.Саттаров тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.
Алай районунда ажайып бир кооз жер бар, анда өзгөчө калк жашайт, жергебиз дүйнөдөгү эң кооз табигаттуу аймак. Үч-Дөбө айылындагы көк мелжиген сулуу үч аска-зоо, эмнегедир башкача сезим, күч-кубат тартуулайт! Бала кезимден сүйгөн тоолорум-менин үч таянычым - Кудайым-Аллахым, Атам-апам, Бир туугандарым-Балдарым-канатым! Үч аскам - Билимим, Илимим, Акылым! Үч аркам Мекеним, Элим, Досторум! Бүгүн Республикалык масштабда мектептерде, алардын катарында Токтомамат Жумабаев мектебинде да акыркы коңгуроо аземи, бүтүрүүчүлөрдүн майрамы, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жолугушуусу өттү. Салтка айланган сыйлоо баракчалары менен акчалай сыйлыктарды окуунун, коомдук иштердин алдыңкыларына Т. Жумабаевдин үй бүлөсүнүн атынан тапшыруу бактысы туш келип, кубаныч менен барып келдим! “50 жылда эл жаңы”,-демекчи окуучулардын көбүн эсе фамилясына карап божомолдоого туура келди. Жумабаев дегендер көбөйүшүптүр, бирок башкалар… Мотурайган 1-класс балдарын көрүп, биз да ушундай кичине болдук беле деп (?), “жок” биз өзүбүз эле чоңоюп алганбыз дегендей болдум…Ак жол силерге бүтүрүүчүлөр, максатыңар бийик, жетишүүгө күчүңөр мол болсун!