Предметтик олимпиадалар, конкурстар



Медициналык факультеттин стоматология адистиги боюнча студенттер арасында 17 апрель 2024 ж. илимий конференция болуп өттү. Конференциянын уюруштуруучусу стоматологиянын 3 кафедрасынын агай-эжекелери анын ичинде Мамажакып уулу Жаныбай, Арстанбеков Мамажан, Арстанбеков Сабыр, Пакыров Жениш, Саипов Данияр, Темиров Аданбек болуп, студенттердин даярданган илимий макаларана баа беришти. Илимий конференция кызыктуу өтүп, диплом жана грамоталар активдүү катышкан студенттерге берилди.