Предметные олимпиады, конкурсы

Биздин медициналык факультеттин студенттери дагы бир жолу жогорку деңгээлдеги билимин жана илимге болгон умтулуусун далилдешти. Жакында эле өткөрүлгөн патанатомия, гистология жана медицина тарыхы боюнча өткөн олимпиадада биздин таланттуу студенттер үчүнчү орунду багынтышты. Бул жетишкендиктер алардын талыкпаган эмгегинин, терең билиминин жана тандалган кесипке болгон берилгендигинин ачык далили болуп саналат. Студенттерибиз факультеттин аброюн бийик көтөрүп, илим жана медицина жаатында ийгиликке умтулган жаштар үчүн чыныгы үлгү болушту. Жеңүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана окууларында, изилдөөлөрүндө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!  Медициналык факультетибиздин окутуучусу Флора Ташмемировна Самарканд шаарына барып, конок лекциясын ийгиликтүү окуп келди. Бул иш сапары эки тараптуу илимий жана академиялык кызматташтыкты чыңдоого чоң өбөлгө болуп, студенттер менен кесиптештер арасында өз ара тажрыйба алмашууга шарт түздү. Флора Ташмемировнанын жогорку деңгээлдеги сабактары жана кесиптик тажрыйбасы Самарканддагы аудиториянын кызыгуусун жаратып, чоң баага татыды. Бул окуя биздин факультеттин билим берүү тармагындагы аброюн дагы бир жолу бекемдеп, эл аралык деңгээлде жаңы ийгиликтерге жол ачып жатат. Флора Ташмемировнага мындан ары да чыгармачылык жетишкендиктерди жана илимий ишмердүүлүгүндө жаңы бийиктиктерди багынтуусун каалайбыз!

Олимпиада 2022
Олимпиада 2023
Фото с олимпиады