Табигый илимдер дисциплиналары кафедрасында "Жаштардын тарбиясы- коомдун
келечеги" аттуу иш - чара болуп отту.
Бүгүн 27-ноябрь күнү медицина факультетинде табигый илимдер дисциплиналары
кафедрасынын доценти, аялдар кеңешинин төрайымы Касиева Г.К. жана 1-курстун
Педиатрия адистигинин кураторлору жана студенттери тарабынан уюштурулган “Жаштардын тарбиясы – коомдун келечеги”аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттердин
чыгармачылыгын колдоо, биримдикти бекемдөө жана тарбиялык баалуулуктарды
өнүктүрүү. Биздин факультеттин жүзү болгон студенттердин өнөрлөрүн
биргеликте баалап, өздөрүнүн тарбиялык эң керектүү сөздөрүн айтып, катышып
берген табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы, х.и.к.,
доцент Омурзакова Г.Г. баштаган кафедранын окутуучулары доцент Садырова
М.М., Атакулова Б.М., Исмаилова Э.У, Кадырбаева С.С. жана морфологиялык
дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Мамыров Н.,А. жана Шералиева А.Т.
активдүү катышышты.Сиздерге терең ыраазычылык урматтуу окутуучулар, сиздер
балдар үчүн эч качан билимиңиздерди, күчүңүздөрдү аябастан талыкбай
эмгектенесиздер, бар болуңуздар.