"ЖОЖду башкаруунун заманбап методдору"
Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент Омурзакова Гулнара Гуламовна, ОшМУнун окутуучулары жана Өзбек Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин 8 окутуучусу ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын апрель айында уюштурулган "ЖОЖду башкаруунун заманбап методдору" аттуу окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттыруучу 144 сааттык курсун ийгиликтүү аяктап, 28-апрель күнү сертификаттар берилди.