Предметные олимпиады, конкурсы

XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиада

2025-жылдын 19-апрелинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде XII аймактык университеттер аралык студенттик олимпиадага биздин студенттер биология, химия предметтери боюнча катышып 1 жана 2- орундарга ээ болушту. Табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы х.и.к., доцент Г.Г. Омурзакова даярдаган студент Юсупов Муслимбек химия предметинен 1- орун, б.и.к., доцент Г. К. Касиева даярдаган студент Сатимбаев Шерболот биология предметинен 1- орун, х.и.к, доцент М.А. Туленбаева даярдаган студент Касимов Фирдавс химия предметинен 2-орунга ээ болушту.

Предметная олимпиада по медбиологии ии химии 03.04.2024

2024-жылдын 16-17-май күндөрү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар боюнча, медициналык ЖОЖдордун студенттер үчүн II- эл аралык олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинен 11 дисциплина боюнча "Sanitas OshSU" деп аталган студенттердин командасы катышып 15 команданын ичинен 2-орунга ээ болушту.

Мед.биология дисциплина боюнча Бурканбекова Нурайым « Умение работать с микроскопом жана нормалдуу физиология дисциплина боюнча Жолонбаева Анжелика «За оригинальное решение ситуационной задачи» номинациягаларга ээ болушту . Бул команданы жетектеп доцент Касиева Г.К., улук окутуучу Турсунбаева А.Т. барышты.