2022-2023 о.ж
Эл аралык илимий конференция
2023-жылдын 1-2 декабрында ОшМУда Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.Ички оорулар үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын окутуучусу,phd докторант Ахунбаева Т.Р."Показатели инвалидности вследствие сердечно- сосудистых заболеваний среди населения Ошской области КР за 2016-2021 гг" деген темада ийгиликтүү катышты.
Электрондук амбулаториялык карта боюнча студенттердин таанышуусу
Ички оорулар үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын окутуучусу Турдуева Аида Келдибековна жана анын студенттери электрондук амбулаториялык карта менен таанышып, приписка жасап жатышат.
Димедус виртуалдык клиникасы
Ички оорулар үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын окутуучусу Касымова Айгерим Ырысбаевна жана лк-1б-18 тайпасы "Синдром артериальной гипертензии" темасы боюнча Димедус виртуалдык клиникасында сабак өтүшүп, практикалык жөндөмдөрдү өздөштүрүштү.
2022-жыллын 14-февралынан баштап 6-курстун студенттери,үй бүлөөлүк дарыгердин жардамчысы катары,бир айлык ондуруштук практикада болушту! Практика учурунда кафедранын окутуучулары студенттер менен тыгыз байланышта болуп, кабар алып турушту!
Бишкек шаарында Эл аралык Медициналык Университетинде откорулгон "Актуальные проблемы медицины" аталыштагы студентер жана жаш окутуучулар арасындагы I Эл Аралык илимий- практикалык конференцияда "Ички оорулар 3" кафедрасынан 6лб-1а тайпасынын студенти Эркинбаев Жахангир 1- орунду алды. Эл Аралык Университети тарабынан ички оорулар 3 кафедрасы алкыш баракчасы менен сыйланды.
2022-жылдын 9-апрель күнү Ош шаарында Б. Осмонов атындагы ЖАМУ, ОшМУнун медицина факультети жана С.Б. Данияров атындагы КММКД жана КЖИ түштүк филиалы менен биргеликте "Современные подходы к диагностике и лечению нарушений системы гемостаза" аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Бул конференцияга Ички оорулар 3 кафедрасынын доценти, гематология бөлүмүнүн башчысы Айсариева Бактыгул Кулуевна "Единство противоположности или как обеспечивается гомеостаз гемостаза", "ДВС-синдром: что должен знать каждый врач об этой проблеме? Мифы и реалии" темадагы эки доклад менен чыкты жана кафедранын окутуучулары дагы катышты.
2022-жылдын 8-октябрь күнү"Улуттук тазалык күнүнө" карата Ош Мамлекеттик Университетинин медицина факультетинин "Ички оорулар 3" кафедрасы 6-курс дарылоо адистиги жана окутуучу.ага кураторлор менен биргеликте кафедрада ишембилик өткөрүлдү
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын арасында откорулгон "ОшМУнудагы дисциплинанын мыкты ОМКсы-2022" конкурсунда Ички оорулар 3 кафедрасынын улук окутуучусу Жуманалиева Майрам Сапарбаевна 1-орунду ээледи.
Ички оорулар уй-булолук медицина курсу менен кафедрасы Кыргыз-Орус Славян Университетинин терапия кафедрасы менен биргеликте академиялык мобилдуулуктун алкагында, 14-март жана 16- март кундору ОшМУнун медицина факультетинин 6-курстарынын студенттери учун онлайн турдо томондогу лекциялар окулду:
1.М.и.к.,доценти Мирбакиева Д.М."Дифференциальная диагностика и лечение мочевого синдрома"-14 март.
2.К.м.н.,доцент Раджапова З.Т."Диференциальный диагноз при остром коронарном синдроме"-16 март.