2024-2025 окуу жылы

07.04.2025-жылы “Менин ден соолугум – менин укугум” аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата медицина факультетинин, аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасында сергек жашоону пропагандалоого арналган студенттердин чыгармачыл иштерин көрсөтүү боюнча сынак уюштурулду. Иш — чаранын негизги максаты-активдүү жарандык позицияны калыптандыруу, сергек жашоо образына кызыгууну ойготуу жана катышуучулардын арасында чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү. Сынак студенттер үчүн чыгармачылык эмгектерин көрсөтүү жана сергек жашоо образы боюнча ой бөлүшүү үчүн аянтча болуп калды. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланып, бул жааттагы чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантууга үндөштү. Иш-чара ден-соолуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту арттырып, жаштар арасында темага көңүл бурду.
2024 - жылдын 23-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде мамлекеттик тил майрамынын 35-жылдыгына карата «Кыргыз тилим - улутумун жан дүйнөсү» аттуу адабий-музыкалык кечеси болуп өттү. Майрамдык салтанатта медицина факультетинин 1-курсунун студенттери өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Маданий иш-чара ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институту факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Толубаева Г.М, доценти Койчуманова Г.К, доценти Чотикеева К, медицина факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары Ташиева А.С жана Эндеше у Э тарабынан даярдалып, конокторго концерттик программа тартууланды. Иш-чарага медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Каразакова З.Ж жана коптогон коноктор катышып иш-чаранын сонунда таланттуу студенттерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык каттар жана грамоталар ыйгарылды.
9-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинде жаштарды ынтымакта, достукта жашоого үндөө максатында «Ыйык мекен – ынтымак кучагында» аттуу теманын алкагында акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган, студенттердин арасында көп улуттан куралган беш команданын катышуусунда акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү. Акыл-таймашта эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен эки команда жана медицина факультетинен үч команда билим сынашты. Оюндун шарты боюнча, ар улуттан турган төрт оюнчудан куралган командалар кызыктуу таймаш алып барышты. Оюнчулар чыныгы командалык ишин, ынтымак, оюнга шыктануу, бири-биринин пикирин угуу жана урматтоо жөндөмү эмне экенин көрсөтүштү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерди достукка, толеранттуулукка жана маданияттуулукка үндөө болгон. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчу команда аныкталып, орундар төмонкучө бөлүндү; (медфак) 1-орун – «Лидеры» командасы (медфак) 2-орун – «Целители» командасы (ВШМОП) 3-орун – «F4» командасы . Активтуу катышкан студенттер деканат тарабынан грамоталар, ыраазычылык каттар жана адабий китептер менен сыйланышкан. Жюри катары чакырылган медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти ф-м.и.к М.М. Садыровага, ички оорулар кафедрасынын башчысы м.и.к, доцент Э.Н.Бекешовага жана уюштурган акыйкатчы аппаратына ыраазылык билдиребиз.
11-12.10.2024-кундору Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин профсоюзу Манасов Н.А жана декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары Ташиева А.С, Эндеше у Э тарабынан мугалимдер күнүнө карата уюштурулган, медицина факультетинин кафедраларынын профессордук-окутуучулук жана кызматкерлерден турган курамдардын ортосунда ден-соолукту чыңдоого, дене тарбияны жана спортту даңазалоого үндөө, достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөө максатында спорттун волейбол, кичи футбол жана стол тенниси түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Спартакиаданын ачуу аземин факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т куттуктоо сөзү менен баштап оюнчуларга жеңиш каалап өттү. Мелдеш бардык кафедра окутуучуларын бириктирип, спорттун түрлөрү боюнча өзүн көрсөтүүгө жана окутуучулардын ортосунда достук мамилелерди жана ынтымакты бекемдөөгө шарт түздү. Мелдештин соңунда жеңүүчү командалар (1,2,3 – орундар) жана мыкты оюнчулар акчалай сыйлыктар менен, ошондой эле активдүү катышкан командалар грамоталар менен сыйланышты. Оюндун жыйынтыгы боюнча Кичи футбол агайлар арсында 1-орунга “Стоматалогия” командасы, 2-орунга “Фармация” командасы, 3-орунга “ЕНД, гистология, урология, анатомия” курама командасы ээ болушту; Волейбол агайлар арасында 1-орунга “Фармация” командасы, 2-орунга “ЕНД, гистология, урология, анатомия” курама командасы, 3- орунга “Коомдук саламаттыкты сактоо, аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” курама командасы ээ болушту; Волейбол эжекелер арасында 1-орунга “Деканат, ОЗ жана стоматология” курама командасы, 2-орунга “Фармация” командасы, 3-орунга «Гистология» командасы ээ болушту; Стол тенниси агайлар арасында 1-орунга Эрмаматов Мирлан, 2-орунга Курманбек уулу Өмүрбек, 3-орунга Бурканов Акылбек Эркинович ээ болушту; Стол тенниси эжекелер арасында 1-орун Абакирова М ( Терапевтикалык стоматология кафедрасы), 2-орун Камбарова А.О (Педиатрия 1 кафедрасы), 3- орун Сейитбекова Т.М (Хирургиялык стоматология кафедрасы) ээ болушту. Спортту колдогон ОшМУнун жетекчилигине, медицина факультетинин жетекчилигине, ар бир болум башчыга, демоорчулук кылган ОшМУнун профсоюз комитетине жана калыстык ишин алып барган №2 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын жамаатына терен ыраазычылык билдиребиз.
2024-жылдын 16-октябрь күнү медицина факультетинин студенттеринин жана профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында график боюнча укук бузуулардын алдын алуу максатында ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин бангизаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Жапакова Гулмира Жузубалиевна жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн кызматкери Оморов Ахмат Каримович факультеттин студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында “ОшМУнун студенттеринин жана окутуучуларынын коопсуздугу. Студенттер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу”, “Терроризмдин жана диний экстремизмдин алдын алуу” аттуу көйгөлүү темалар боюнча кызыктуу видеороликтер коштоосунда пайдалуу лекциялар болуп өттү.
Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Койчуманова Гулжан Кадыровнанын жетекчилиги алдында медицина факультетинин студенттеринен түзүлгөн адабий ийримдин мүчөлөрү менен Адабият күнүнө карата медицина факультетинде кече өткөрүлду. Бул кечеде студенттер белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Торокулович Айтматовдун чыгармаларын сахнада жандандырып, анын терең мазмундуу жана туюнтулган сөздөрүн көрүүчүлөргө жеткиришти. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын инсандык жана коомдук көйгөйлөрдү чагылдырган терең философиясы сахнада мыкты аткарылышы менен каармандардын ички дүйнөсүн көрсөттү. Ошондой эле, кечеде кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Алыкул Осмоновдун чыгармалары да өзүнчө ордуна ээ болду. Студенттер Алыкул Осмоновдун ырларын чын жүрөктөн окуп, анын поэзиясынын бийиктигин жана адамдын ички сезимдерин чагылдыруу менен көрүүчүлөргө улуу акындын поэзиясына болгон ыйыктуу ыкманы тартуулашты. Алыкул Осмоновдун ырларынын терең маңызы, айрыкча анын мекенчилдик жана сүйүү темалары, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпойт. Бул чыгармачыл кече кыргыз адабиятына жана акын-жазуучулардын мурасын урматтап, студенттер арасында алардын чыгармаларын терең түшүнүү жана урматтоо сезимин жаратууга зор салым кошту. Адабиятка болгон сүйүү жана кызыгууну арттырган иш-чара маданий жана интеллектуалдык деңгээлде студенттердин өсүшүнө чоң түрткү берди.
Бүгүн 13.01.25. ОшМУнун медицина факультетинде коррупцияны алдын алуу максатында ОшМУнун жетекчилиги студенттер жана академиялык кенешчилер менен жолугушту. Жыйында факультеттин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов кышкы экзамендер башталып, компьютердик тестирлөө жүрүп жаткандыгын маалымдады. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф-м.и.к., доцент Р.Н. Арапбаев студенттерге жакшы окууга жана коррупцияга жол бербөөгө чакырып, коррупцияга аралашып калган студенттер окуудан четтетилүүсүн белгилеп өттү. Ошондой эле ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы б.и.к., доцент А.Э. Сатаров, ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору ф.и.к., доцент, Н.А. Мапаева жана ОшМУнун юристи Ж. Айдарбекова студенттердин суроолоруна жооп берип жакшы окууга чакырышты. ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Н.М.Арзиев коррупциянын кесепеттери менен тааныштырып кандай жоопкерчиликке тартылаарын студенттерге түшүндүрдү. Студенттер көптөгөн маанилүү маалыматтар менен таанышып, пайдалуу жолугушуу болуп өттү. Медицина факультетинин студенттеринин окуусуна ийгилик каалайбыз!
ОшМУнун медицина факультетинин кесипке багыт берүү иш-чарасынын алкагында П.К.Купуев атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушуу уюштурулду. Иш-чара жогорку класстын окуучуларынын арасында медициналык кесипти жайылтуу жана бул тармакка болгон кызыгууну арттырууга багытталган. Жолугушуу достук жана ачык кырдаалда өтүп, анда факультеттин деканы м.и.д, профессор И.Т. Ыдырысов бул конкреттүү багытты тандап алуунун артыкчылыктары жөнүндө айтты. Ал факультеттеги адистиктердин актуалдуулугун жана алардын заманбап эмгек рыногундагы суроо-талаптарын баса белгилеп, студенттер мобилдик окуу, практикалык тажрыйба жана факультет берген илимий долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө суроо-жооп да уюштурулуп, мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кеңири жоопторду алышты. Иш-чара факультеттин имараттары менен таанышуу менен аяктады, анда мектеп окуучулары заманбап лекциялык залдарды, аудиторияларды жана лабораторияларды, студенттердин жана окутуучулардын иштерине байкоо жүргүзө алышты. Окуучуларга мектепти ийгиликтүү аяктап, кесипти туура тандоону каалайбыз.
8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата 4.03.2025-күнү ОшМУнун профсоюз комитети тарабынан уюштурулган спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке ОшМУнун ар кайсы институт, факультет, колледждердин эжекелери катышып, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын командасы жогорку спорттук даярдыгын жана командалык духун көрсөтүп, 2-орунга ээ болушту. Бул мелдеш университеттин профессордук-окутуучулук курамынын арасында спортту өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, ОшМУнун маданий-социалдык жашоосунда керектүү окуя болуп калды. Экинчи орунду алуу факультет үчүн чоң жетишкендик жана сыймыктануу болду. Эжекелерди майрамы менен куттуктайбыз. Майрамдык маанай жана кызыктуу сыйлыктар үчүн ОшМУнун профсоюз комитетине жана калыстык ишин алып барган спорт комитетине ыраазычылык билдиребиз.
В рамках недели психологического здоровья на медицинском факультете ОшГУ прошла встреча студентов медицинского факультета с командой психологов университета под руководством д.п.н., профессора Жолдошевой А.О. Мероприятие было организовано с целью повышения уровня психоэмоционального благополучия будущих медиков, а также формирования устойчивых навыков саморегуляции и стрессоустойчивости. Психологи ОшГУ провели интерактивную лекцию и тренинг, на котором рассказали о распространённых психологических трудностях, с которыми сталкиваются студенты, особенно в условиях интенсивной учебной нагрузки. В ходе встречи участники узнали о методах борьбы с тревожностью, выгоранием и переутомлением, а также приняли участие в практических упражнениях по релаксации и самоподдержке. Особое внимание было уделено важности своевременного обращения за психологической помощью, разрушению стереотипов о психическом здоровье и развитию эмпатии в профессиональной деятельности. Студенты выразили благодарность за возможность открытого диалога.