2022-2023

2022-жылдын 23-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга!" аталышында дилбаян, эссе, авторлук ырлардын сынагы жүрүп жатат. Дилбаянды №2 ФАКТАПК кафедрасынын улук окутуучулары Мейликан Нурмаматова жана Гүлнара Толубаева жүргүзүүдө. Ошондой эле "Карегимде Мекен чеги, Капаланба, Баткен эли!" аттуу флешмобдордун конкурсу кызуу улантылууда. Эне тили, эл-жерди сүйүү, Ата Мекенди коргоо, атуулдук парз темасындагы ырларды көркөм окуу боюнча онлайн конкурсуна катышуучулардын саны өсүүдө. Бул флешмоб жана көркөм окуулар онлайн түрүндө кабыл алынып жатат. Алардын жыйынтыктары жалпы инстаграм баракчасына студенттердин жана жалпы көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталат.
24.11.2022 . Среди студентов старших курсов медицинского факультета проведена викторина веселых и находчивых посвященная ко дню борьбы со СПИДом под девизом ′Время для равенства". Приняли участие команды "Вечерний вайб", "Сборная МПД", "Люди в белом". В составе жюри были директор Академии талантов Ыразаков Дамир, заведующая социального отдела АППП КР в Ошской области Рахманова Аида Азиретовна, директор Ошского областного центра профилактики и борьбы со СПИДом Нарматова Эльмира Балтабаевна, директор Ошского областного центра борьбы с туберкулезем Козубаев Рустам Ражапбаеевич, доцент Б.Р.Абдыраева. По результатам оценивания членами жюри были вручены дипломы и презенты. Выражаем благодарность кафедрам "Общественное здравоохранение", "Эпидемиология, микробиология с курсом инфекционных болезней" и преподавателям Б.Р. Абдыраевой, М.К. Сейдалиевой , А.Дурусбекову за организацию и проведение месячника по профилактике СПИДа. Также по результатам конкурса художественных плакатов были вручены дипломы, подарки и сертификаты.
Элибиз сүйгөн эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген. Байыркы Нооруз майрамы эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилиши менен кошо элибизге кайра кайтып келди. Нукура элдик майрамдын кайра жаралышы - тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салттарыбызга таазим. Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын