2023-2024

21.02.2024. ОшМУнун 85 жылдыгына карата жана “Бүткүл дүйнөлүк эне тил” күнүнө карата факультеттер аралык акыл таймаш өткөрүлдү. Акыл таймашка 11 факультеттен студенттер келип катышты. *Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети: *Студенттерди окуудан сырткары социалдык жана факультеттик жашоосун өнүктүрүү *Студенттердин арасында интеллектуалдык таймаштар аркылуу маалымат топтоого жардам *берүү жана аларды илим жолуна үгүттөө *Эне тилин жана чет тилге кызыктыруу 22.02.2024. Сергек жашоо жана ОшМУнун 85 жылдыгына карата , Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата медицина факультетинин 1-6 курстарынын студенттеринин ортосунда спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты студенттердин ортосунда достукту бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо. Мелдешке 16 команда катышып, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келип окуган студенттерибиз да активдүүлүгүн көрсөтүштү
11.05.24. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата медицина факультетинде залкар жазуучу Ч. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде "Саманчынын жолу "- согуш курмандыктарына арналган реквием" аттуу окурмандардын семинары болуп өттү. Семинар ФАКТ кафедрасынын доценти Алиева Ф.Э. жана улук окутуучу Нурмаматова М.Т. тарабынан уюштурулуп, стоматология адистигинин 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалды. Студенттер чыгарманы окуп чыгып, ага сюжеттик-композициялык талдоо жүргүзүп, каармандардын образын ачып презентациялашты. Андан кийин талкуу үчүн викторина уюштурулуп, активдүү катышкандарга дипломдор берилди. Таланттуулар сахналык көрүнүш коюп, семинар ыр-күү менен коштолду. Медицина факультетинде китеп окуу ийрими иш алып барат. Ийримдин максаты студенттерге көркөм чыгарма окутуу менен, алардын адабий-эстетикалык табитин өнүктүрүп, адамгерчиликке, адилеттүүлүккө тарбиялоо болуп эсептелет.“Саманчынын жолу” - адамзаттын жолу-дешет. Дүйнөдө согуш болбосун, тынчтык орносун, өлкөбүз өнүксүн, жаштарыбыз жаркын келечектин ээси болсун.
2024-жылдын 8-июнь күнү медицина факультетинин 2018-2024 жылдар аралыгында окуган бүтүрүүчүлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. ОшМУнун ректору профессор К.Г.Кожобеков өз сөзүндө бутүрүучүлөргө ак жол каалоо менен бирге артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана атуулдук стипендияттарды ыраазычылык кат менен сыйлады. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы доцент А.Э. Саттаров жана медицина факультетинин деканы профессор И.Т.Ыдырысов окууда, илимде жана маданий иштерге активдүү катышкан бүтүрүүчүлөрдү ардак грамоталар менен сыйлашты. Медицина факультетинин профессордук окутуучулук курамынын атынан педиатрия 1 кафедрасынын башчысы доцент КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Аттокурова, акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы доцент, КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Исраилова, фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасынын башчысы доцент З.С.Боронова, травматология, соттук медицина жана нур диагностика курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Т.Т.Сейтбеков, ички оорулар жана үй- бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Ф.Т.Рысматова, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы доцент Г.Г.Омурзакова, адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Б.К.Кенешбаевдер бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен бирге, келечекте мыкты дарыгер болуусуна тилектештигин билдиришти. Ата-энелердин атынан Г.К.Бекмурзаева жана бүтүрүүчүлөрдүн атынан С.У.Тагдыршаев, К.Д.Камчыбековалар сөз сүйлөшүп жалпы ОШМУнун жамаатына ыраазычылыктарын айтышты. Кечени 1-курстун студент кыздарынын ыр-бийлери коштоду.
Өзбекстан Ресбуликасынын Ош шаарындагы генералдык консульствосунун консулу А. Абдурашидов, Ош облустук 10-бөлүмдүн миграция бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын подполковниги У. Токтосунов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги М. Турдалиев, КРдин Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен областарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси М. Ташиев, ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчы С. Амиралиев виза, миграция, укук бузуулар ж.б. боюнча маалымат берүү максатында өзбекстандык студенттер менен жолугушуп, пикир алмашышты. Жыйында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, коомдук тартипти бузбоого, өз коопсуздугуна кам көрүүгө үндөшту.