Достижения студентов

9-октябрь күнү ОшМУнун медицина факультетинде жаштарды ынтымакта, достукта жашоого үндөө максатында «Ыйык мекен – ынтымак кучагында» аттуу теманын алкагында акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган, студенттердин арасында көп улуттан куралган беш команданын катышуусунда акыл-таймаш интеллектуалдык оюну болуп өттү. Акыл-таймашта эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен эки команда жана медицина факультетинен үч команда билим сынашты. Оюндун шарты боюнча, ар улуттан турган төрт оюнчудан куралган командалар кызыктуу таймаш алып барышты. Оюнчулар чыныгы командалык ишин, ынтымак, оюнга шыктануу, бири-биринин пикирин угуу жана урматтоо жөндөмү эмне экенин көрсөтүштү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерди достукка, толеранттуулукка жана маданияттуулукка үндөө болгон. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчу команда аныкталып, орундар төмонкучө бөлүндү; (медфак) 1-орун – «Лидеры» командасы (медфак) 2-орун – «Целители» командасы (ВШМОП) 3-орун – «F4» командасы . Активтуу катышкан студенттер деканат тарабынан грамоталар, ыраазычылык каттар жана адабий китептер менен сыйланышкан. Жюри катары чакырылган медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти ф-м.и.к М.М. Садыровага, ички оорулар кафедрасынын башчысы м.и.к, доцент Э.Н.Бекешовага жана уюштурган акыйкатчы аппаратына ыраазылык билдиребиз.
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата медицина факультетинин кыздар арасында "Медфак периси-2024" сулуулар сынагы өткөрүлдү. Сынактын негизги максаты: Студент- жаштарга эстетикалык тарбия берүү; Студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу; Сулуулукту, аруулукту, наздуулукту, акылдуулукту, таланттуулукту даңазалоо; Сулуулар сынактын 5 түрдүү шарттарын аткарышып, өздөрүнүн сулуулугун, билимин, жөндөмдүүлүгүн, талантын, интеллектуалдык потенциалын, тапкычтыгын, ийкемдүүлүгүн көрсөтө алышты. Сынактын жыйынтыгында "Медфак периси-2024" номинациясына ээ болгон дарылоо иши адистигинин студенти Самидинова Гульнурага ОшМУ нун профсоюз комитети тарабынан Ыссык-көлгө путевка, катышуучу кыздардын баарына Арсланбапка эс алууга жолдомо берилди. Деканат тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынакка катышкан тилеги ак халатындай ак болгон кыздарыбызга терең ыраазычылык билдирүү менен окууларына ийгилик каалайбыз. Сынакты калыс баалап берген калыстар тобуна, демөөрчүлөргө, уюштуруу иштери үчүн аялдар кеңешине, жаштар комитетите терээң ыраазылык билдиребиз.
2024-жылдын 8-июнь күнү медицина факультетинин 2018-2024 жылдар аралыгында окуган бүтүрүүчүлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. ОшМУнун ректору профессор К.Г.Кожобеков өз сөзүндө бутүрүучүлөргө ак жол каалоо менен бирге артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана атуулдук стипендияттарды ыраазычылык кат менен сыйлады. ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы доцент А.Э. Саттаров жана медицина факультетинин деканы профессор И.Т.Ыдырысов окууда, илимде жана маданий иштерге активдүү катышкан бүтүрүүчүлөрдү ардак грамоталар менен сыйлашты. Медицина факультетинин профессордук окутуучулук курамынын атынан педиатрия 1 кафедрасынын башчысы доцент КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Аттокурова, акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы доцент, КРнын эмгек сиңирген дарыгери З.А.Исраилова, фармацевтикалык химия жана дары каражаттар технологиясы кафедрасынын башчысы доцент З.С.Боронова, травматология, соттук медицина жана нур диагностика курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Т.Т.Сейтбеков, ички оорулар жана үй- бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Ф.Т.Рысматова, табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын башчысы доцент Г.Г.Омурзакова, адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы конституционалдык типология курсу менен кафедрасынын башчысы доцент Б.К.Кенешбаевдер бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалоо менен бирге, келечекте мыкты дарыгер болуусуна тилектештигин билдиришти. Ата-энелердин атынан Г.К.Бекмурзаева жана бүтүрүүчүлөрдүн атынан С.У.Тагдыршаев, К.Д.Камчыбековалар сөз сүйлөшүп жалпы ОШМУнун жамаатына ыраазычылыктарын айтышты. Кечени 1-курстун студент кыздарынын ыр-бийлери коштоду. АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! САПАРЫҢ БАЙСАЛДУУ БОЛСУН!
«Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу конкурс өттү 05.04.2023. Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу музыкалык-эстрадалык сынак уюштурулду. Ага медицина, эл аралык медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, педагогика жана психология, орус филологиясы ж.б. факультеттерден 16 конкурсант катышты. Алар индия, өзбек, азербайджан, уйгур, орус улутундагы студенттер болушту. Бул сынакка этникалык кыргыздар тартылган жок. Конкурстун жыйынтыгында эл аралык медицина факультетинин 3-курсунун студенти Каду Пратам Нитин (Kadu Pratham Nitin) “Гран-при” башкы сыйлыгын, 4-курсунун студенти Шубхам Рамрао Чаудхари (Shubham Ramrao Chaudhari) 1-орунду, 3-курсунун студенти Динеш Кумар (Dinesh Kumar) 2-орунду, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти Аббос Абдурасулов “Жеңүүчү” номинациясын, медицина факультетинин студенттери Султонова Гулчирой, Ахмедова Ойкиз 3-орунду алып, статуэткалар жана дипломдор менен сыйланышты. Ал эми калган таланттарга активдүү катышкандыгы үчүн ардак грамоталар тапшырылды. Иш-чарага окуу жайдын профсоюз комитети демөөрчү болуп берди. Учурдан пайдаланып, анын төрагасы, доц. А.Э. Сатаровго терең ыраазычылык билдиребиз. Обондуу сынакка университеттин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору, доц. Жылдыз Артыкова, Кыргызстанга аттын кашкасындай таанымал, белгилүү обончу-аткаруучу, маданияттын мыкты кызматкери Темир Назаров, Россия каналынын “Привет Андрей” программасынын катышуучусу, таланттуу ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Жанибек уулу Данияр, окуу жайдын Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору Дамирбек Ыразаков, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы адиси Перизат Исабековалар калыстык кылышып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Кыргыз элинин тилин, улуттук маданиятын, искусствосун даңазалоого багытталган музыкалык маанайшат таймаш чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан демилгеленип, алгачкы ирет өткөрүлдү. Ал улуттар ортосундагы ынтымакты, достук мамилени бекемдөө максатында төмөнкү милдеттерди алдына койду: - чет өлкөлүк студенттердин арасынан таланттууларын тандап алуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүүгө түрткү берүү; - таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын өнөрүн элге жайылтуу; - чет өлкөлүк студенттердин арасында маданий эс алууну уюштуруу; - cтудент жаштардын музыкалык- эстетикалык табитин өнүктүрүү ж.б. ОшМУ чет өлкөлүктөргө сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү менен гана чектелбестен, аларды университеттин коомдук турмушуна активдүү аралаштырып, конок студенттер үчүн ар кандай маданий-массалык, илимий, интеллектуалдык, спорттук ж.б. иш-чаралар уюштурууну колго алган. Жогорудагы таймаш – ошолордун бири.