Повышение квалификаций

1.Ырысбаев Эрзамат Ырысбаевчи

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный годс 2024- жылдын 5-8 сентябрь айында “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы Турция мамлекетинин, Стамбул шаарындагы, Едитепе Университетинде илимий иш сапар боюнча конференцияга катышып, илимий доклад окуду.

2.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный год (научно-исследовательский семинар)27.09.2024-ж “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы тарабынан 2024-25 окуу жылдагы алгачкы илимий-усулдук семинары өткөрүлдү. Семинарда кафедранын окутуучусу Эрзамат Ырысбаев илимий темада баяндама окуду. Семинар суроо - жооп жана талкуулар менен аяктады!

Семинарда кафедранын окутуучусу Эрзамат Ырысбаев илимий темада баяндама окуду. Семинар суроо - жооп жана талкуулар менен аяктады!

3.

2024-жылдын 18- ноябрдан 22-ноябрга чейин ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультетинде Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги менен ОшМУнун Эл Аралык Медицина факультети уюштурган "Academic Publishing Mastery" аттуу Жогорку окуу жайлар аралык 5 күндүк семинарга Жалал-Абаддан, Баткенден жана Оштогу жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары Н.Ташматова, И.Мырзабаев жана Э.Ырысбаевдер катышты. 5 күндүк семинарда окутуучулар SKOPUS базасындагы маалыматтар менен таанышуу, макалаларды жайгаштыруу, сандык сапаттык анализдерди жасоо, SPPS программада иштөө тууралуу кенен маалыматтарга ээ болушту. Семинардын катышуучуларына Борбордук Азиядагы Америка Университетинин phD Миргүл Низаева жана Ала -Тоо эл аралык университетинин phD Урматбек Тыналиевдер келип сабак өтүштү.

4.

✅22.02.2025ж : Кафедранын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы, фр - 1(22)тайпасына, “Стресс при экстремальных состояниях. Стресс и ответ острой фазы. Эмоциональный стресс” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер стресс жана анын организмге тийгизген таасири боюнча терең билим алышты. Сабакта интерактивдүү методдор колдонулуп, студенттер активдүү катышып, суроолорго жооп беришти. Ачык сабак кызыктуу жана пайдалуу өттү!.

5.

✅04.04.25 ж Наманган мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы б.и.д., профессор Абдуллаев Гофуржан Рахимжанович жетектеп келген чоң делегация менен факультеттин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т катышкан жолугушууда көптөгөн маселелер боюнча илимий жана практикалык пикир алышуулар болду. Бул жолугушуунун негизги максаты – академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү кеңейтүү жана окутуу процессинин сапатын жогорулатуу багытында пикирлер менен бөлүшүү болду. Тажрыйба алмашуу программасынын инициатору “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т жана кафедранын окутуучулары тарабынан "Актуальные вопросы высшего медицинского образования: роль биохимии и патофизиологии" аттуу темада эл аралык семинар уюштурулуп, анда тармактын алдыңкы адистери тарабынан берилген лекциялар жана илимий баяндамалар окулду. Семинарда актуалдуу илимий докладдар талкууланып, тажрыйба алмашуу аркылуу келечектеги биргелешкен илимий долбоорлордун негизинде кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды. Иш-чара ийгиликтүү аяктап, катышуучулар өз ара пикирлери менен бөлүшүп, университеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн жаңы багыттарды түзүүгө умтулуу тууралуу позитивдүү көз караштарды билдиришти.


6.

✅14.05.2025 прошла III Международная олимпиада по фундаментальным и морфологическим дисциплинам в КГМА им. И.К Ахунбаева городе Бишкек. Из ОшГУ приняли 9 студентов, 7 из которых получили призовые места, а также двое студентов получили номинации. Жолонбаева Анжелика студентка 3 курса, подготовленная преподавателем кафедры общей, клинической биохимии и патофизиологии Ырысбаевым Э.Ы., была награждена дипломом 3 степени по дисциплине патологическая физиология. Поздравляем с достойным результатом! Желаем дальнейших успехов и научных достижений!!!

7.

✅ 20.05.2025 г на Медицинском факультете Ошского государственного университета состоялся визит уважаемых гостей из Кавказского университета — Prof. Dr. Онура Атакиши и Мехмета Эзера. В рамках встречи гости посетили кафедру «Общей, клинической биохимии и патологической физиологии», где ознакомились с деятельностью кафедры и обсудили перспективы сотрудничества с деканом факультета д.м.н, профессором И.Т. Ыдырысовым, заведующей кафедрой, профессором Т.Т. Жумабаевой и к.б.н, доцентом Ж.Т. Молдалиевым.

Многолетняя дружба, зародившаяся на почве научного интереса, сегодня переросла в крепкое партнёрство, основанное на взаимном уважении, доверии и общих ценностях. Наши гости стали для нас не просто коллегами, а по-настоящему близкими людьми — частью нашей академической семьи. Мы уверены, что впереди нас ждёт ещё больше плодотворных встреч, совместных проектов и значимых успехов!!!

8.

✅13-май күнү ОшМУнун башкы корпусунун чон жыйындар залында медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасы тарабынан уюштурулган Илим жумалыгына карата "Мыкты биохимик- III" КВН- олимпиадасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Дарылоо иши, педиатрия, фармация жана стоматология адистиктеринин студенттери активдүү катышты. Калыстар тобунун чечими менен Гран-при Диплому, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 2-агымынан куралган "Биофиксики" командасы,

I даражадагы Диплом, акчалай сыйлыкты дарылоо иши адистигинин 2-курсунун 1-агымынан куралган "Снос токсинов" командасы пр-15, пр-17, пр-21 тайпасынын студенттери, II даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты

Фармация витасмайл командасы, III даражадагы Дипломду, акчалай сыйлыкты Педиатрия реактивки командасы багындырышты. Мындан тышкары уюштуруучу жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамына медицина факультетинин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов жана ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы б.и.к., доцент А.Э.Саттаров тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.

9.

✅2025-жылдын 1-март күнү “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучулары студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрдү.

10.

Ырысбаев Э.Ы. 2024-25 учебный годс 2024- жылдын 5-8 сентябрь айында “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын окутуучусу Ырысбаев Э.Ы Турция мамлекетинин, Стамбул шаарындагы, Едитепе Университетинде илимий иш сапар боюнча конференцияга катышып, илимий доклад окуду.