Бишкек

Бишкек шаарында 2–3-сентябрь күндөрү ROOTT имплант системасынын расмий өкүлү жана ОшМУнун бүтүрүүчүсү Сыймык Куштарбековичтин чакыруусу менен ROOTT Global Implant Summit өткөрүлдү. Бул иш-чарага ОшМУнун Медицина институтунун терапевтикалык стоматология кафедрасынын башчысы А. А. Исмаилов катышып келди.
Саммиттин алкагында Швейцария, Латвия, Украина, Азербайжан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү профессорлор менен адистердин мастер-класстарына, лекцияларына катышып, тажрыйба алмашуу менен бирге өзүнүн илимий жана практикалык квалификациясын жогорулатты.
Саммит тууралуу кыскача маалымат:
* Иш-чара: ROOTT Global Implant Summit 2026 – Bishkek
* Өткөрүлгөн күнү: 2026-жылдын 2–3-сентябры
* Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 158, ROX Centre бизнес-борбору