Кытай Эл Республикасында Кытай-ШКУ окуу, тренинг.

ОшМУнун окутуучусу Кытайда санариптик технологиялар боюнча эл аралык окуу курсуна катышып келди
Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин «Табигый илимдер дисциплиналары» кафедрасынын доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Б.А. Каденова 2026-жылдын 14–19-сентябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында өткөн «Санариптик технологиялар боюнча “ШКУ дарагы”» аттуу күзгү окуу курсуна жана тренингге катышып келди. Эл аралык окуу курсу Кытай–ШКУнун Чоң маалыматтар борборунун демилгеси менен уюштурулуп, санариптик технологиялар, заманбап маалыматтык системалар жана чоң маалыматтар менен иштөө багытындагы актуалдуу билимдерди өздөштүрүүгө багытталды. Окуу иш-чаралары Кытай Эл Республикасынын Синьцзян аймагындагы Нанкин политехникалык институтунда өткөрүлдү. Курстун жүрүшүндө катышуучулар санариптик технологиялардын заманбап мүмкүнчүлүктөрү, чоң маалыматтарды колдонуу, маалыматтарды талдоо жана билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча лекцияларга, практикалык сабактарга жана тренингдерге катышышты. ОшМУнун окутуучуларынын мындай эл аралык программаларга активдүү катышуусу университеттин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана билим берүүдө санариптик инновацияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга маанилүү салым кошот.