• Новости
  • Организация фармацевтического дела и фармакогнозия

Олимпиада!

2022-04-21 16:12:33 63

2022-жылдын 8-апрель И.К.Ахунбаев атындагы КММАда «Фармакогнозия» жана «Фармацевтикалык химия» боюнча 1-ЖОЖдор аралык олимпиада болуп өттү. ОшМУнун атынан Фармация адистигинин 3-курсунун студенттери «КМФ» (клуб молодых фармацевтов) жана 4-курстун «Боги фармации» командасы катышты. Олимпиада этап менен өткөрүлдү. Олимпиаданын экинчи этабында, студенттер Россиянын, Германиянын, Казакстандын профессорлорунун онлайн суроолоруна жооп беришти.Үчүнчү этапта белгисиз заттын жана белгисиз дары чөп чийки затын аныктоо жүргүзүлдү. «КМФ» командасы 5 команданын ичинен 2-орунду ээледи. Экинчи орун үчүн бардык катышуучуларга медалдар, 300 000 тыйын сертификаты, дипломдор, активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар, стоматологиялык кызматтар үчүн белек сертификаттары жана турларга сертификаттар тапшырылды. 🟢 Кошумчалай кетсек, «КМФ» командасы «Мыкты аналитикалык химик» сыйлыгы менен сыйланса, ошол эле командадан Рустам Маматов «Олимпиаданын мыкты катышуучусу» наамын алды.