Педиатрия 1

"Педиатрия 1" кафедрасы. Кафедра башчысы Нуруева Замира Аттокуровна.Нуруева Замира Аттокуровна, 1955 жылы 3 апрелде Карасуу районуна караштуу Жапалак айылында, кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн. 1972 жылы Баткен районундагы Жоомарт атындагы орто мектепти алтын медаль менен ийгиликтүү аяктаган. 1972-1978 жылдары Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык институн окуп-бүтүрүп, врач-педиатр деген адистикке ээ болгон. 1978-1979 жылдары Ош областтык балдар ооруканасында интернатура өтөгөн. 1979-1982 жылдары ошол ооруканада балдар дарыгери, 1982-1989 жылдары уюштуруу методикалык иштери боюнча, жана 1990-2011 жылдары дарылоо боюнча директордун орун басары болуп талыкпай эмгектенди. 1995-2000 жылдары ооруканада иштөө менен бирге ОшМУнун медицина факультетинде “Детские болезни”, “Поликлиникалык педиатрия” дисциплиналары боюнча 4-6 курсттун студенттерине кызыктуу лекцияларды окуу менен аларды терең өздөштүрүүсүнө көңүл бөлүп келүүдө.2000-жылдан азыркы күнгө чейин ОшМУнун медицина факультетинин Педиатрия 1 кафедрасын жетектеп келүүдө. Практиканы илим менен айкалыштырып, 1991-жылы “Острые кишечные инфекции у детей раннего возраста и применение жидких биодабавок в их лечении на юге республики Кыргызстан” аттуу темада кандидаттык илимий диссертация жактаган. 11.02.1991 жылы КГМИинин диссертациялык советинин чечими менен (пртокол №7) педиатрия адистиги боюнча медицина илимдеринин кандидаты болгон. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссясынын 21.10.2004 жылкы чечими менен (протокол №6 Дц-2-2) нуруева Замира Аттокуровна “Педиатрия” адистиги боюнча Доцент окумуштуулук наамы берилген. Кошумча билими: 1982ж Новокузнецк, Ташкент, 1986ж Нижний Новгород, 1990-91жж. Бишкек, 2009 ж Москва, 1989ж. Нижний Новгород, 1990-91 жж. Бишкек, 2009ж. Киев, 2010 ж. Ош- “Педиатрия” цикл, “Балдар инфекциясы” циклы, “Организация и управления здравоохранения ЛПУ” боюнча. 2015 ж. Турция өлкөсүнө Кипр Эл аралык университетине педагогика боюнча билимин өркүдөтүп келди. 2017 ж. Март айында Индия мамлекетине ректорат тарабынан “Обмен опытом по проф.ориентации” иш сапарына барып келди. Эл аралык курстарга катышып -25 сертификат алган. Алган сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин мыктысы (отличниги) төш белгиси (1993-ж)., Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (Н №1748-29/06-2004ж), Жогорку категориядагы врач-педиатр 1990-2018жж., “Жылдын эң мыкты аялы ” (2009ж), “Лучший лектор” наамы 2011 ж. Үй-бүлөлүү: жолдошу-Насыров Абдумуталип, жеке ишкер. Үч баланын энеси, уулу Насыров Мирлан-юрист, кызы Насырова гулжан-врач-акушер-гинеколог, уулу Насыров Бексултан студент КРСУ.