Студенттер илимий ийримде

2022-04-25 17:39:36 56

Жалпы хирургия кафедрасында “Ахунбаевчилер” аттуу студенттик илимий ийрим иштеп жатат. Бул ийримдин ишин кафедранын доценти Ө.И. Курбанбаев жетектеп, иш алып барууда. Бул ийримге медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасында 3-4-курста окуган студенттер катышууда. Сабактан кийинки илимий ийримде студенттер хирургиялык тигүүнүн жолдорун үйрөнүүдө. Студенттик илимий ийримдин ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: • студенттердин илимий чыгармачылыкка болгон кызыгуусун жана муктаждыгын калыптандыруу; • чыгармачылык ой жүгүртүүнү, илимий өз алдынчалыкты өнүктүрүү, ички уюштуруу, окууга ан-сезимдуу мамиле кылуу, терендетуу жана чыңдоо окуу процессинде алынган билимдерин практика жүзүндө айкалыштыруу.. Студенттик илимий ийримдин негизги милдеттери: • студенттердин илимий конференцияларга, илимий иштерге, илимий семинарларга, сынактарга активдүү катышуусун камсыз кылуу.