ОшМУ Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен кызматташат

2022-05-20 11:42:20 154

ОшМУ Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы менен кызматташат Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жардамы менен 16-майда ОшМУ менен Япониянын Medical Excellence Japan компаниясы биринчи онлайн-жолугушуусу өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Medical Excellence Japan компаниясын аткаруучу директорлору Минору Акияма жана Чиаки Миеши, аталган компаниянын башка өкүлдөрү катышты. Жолугушууда ОшМУнун ректору К. Кожобеков чет элдик жана ички медицина кызматкерлерин тартуу менен эл аралык стандарттагы клиниканы түзүү боюнча университеттин планын маалымдады. Бул долбоор жарандарды заманбап медициналык кызматтар менен камсыздаган университеттин клиникалык базасы болот. Жолугушуунун соңунда тараптар жумушчу топ түзүп, кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу чечимин кабыл алышты.