Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу аземи уюштурулду

2022-06-06 11:09:24 64

2022-жылдын 6-июнунда медицина факультетин 2002-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушуу деканат жана ички оорулар 2 кафедрасынын башчысы Садыкова А. А. жана кафедранын мугалимдери тарабынан уюштурулуп, Ош шаарында саламаттыкты сактоо жана ар түрдүү тармактарда иштеп жаткан 50 дон ашуун бүтүрүүчү катышты. Алгач бүтүрүүчүлөрдү нан ооз тийгизип тосуп алып, каттоодон өткөрүп, сурамжылоо баракчасы таратылып, аземдин төш белгиси тагылды. Атайын бутуруучулор жана келген окутуучулар учун уюштурулган кофе-брейк берилип туштонуу уюштурулду.