"Врач-пациент-общество" аттуу эл аралык илимий конференция

2022-06-06 11:58:31 166

ОшМУнун медицина факультетинин коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын доценти, м.и.к. Муйдинов Фазлиддин Фаезидинович 2022-жылдын 25-май күнү Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмү, Иммунология жана физиология институту тарабынан өткөрүлгөн "Врач-пациент-общество" аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Илимий конференцияда коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер каралды.ОшМУнун медицина факультетинин доценти, м.и.к. Муйдинов Фазлиддин Фаезиддинович 2022-жылдын 26-май күнү Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Урал мамлекеттик медициналык университетин эл аралык байланыштар боюнча проректору Флягин. М.А., үзгүлтүксүз медициналык билим жана аймактык өнүгүү боюнча проректор, м.и.д. профессор Сабитов А.У. жана Медико-профилактика факультетин деканы, м.и.к., доцент Косова А.А. менен жолугушту. Жолугушуу учурунда университеттер аралык түзүлгөн меморандумдун негизинде профилактикалык медицина багытында илимий практикалык иштерди өнүктүрүү, тажырыйба алмашуу, "медико-профилактикалык иши" адистигинде окуган студенттерге академиялык мобилдүүлүлүктү жолго коюу, аталган багытта илимий кошмо конференцияларды уюштуруу маселелери талкууланды. Илимий жана билим берүү багытында кызматташуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.