Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу аземи болуп өттү.

2022-06-07 12:02:10 161

2022-жылдын 6-июнунда медицина факультетин 2002-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү.Жолугушуу деканат жана “Ички оорулар №2” кафедрасынын башчысы Садыкова А. А. жана “Ички оорулар №2” кафедрасынын мугалимдери тарабынан уюштурулуп, Ош шаарында саламаттыкты сактоо жана ар түрдүү тармактарда иштеп жаткан 40 дан ашуун бүтүрүүчү катышты. Жолугушууга ОшМУнун медицина факультетинин алгачкы профессор-окутуучулары: м.и.д., профессор Мамаев Т.М., КГМИ и ПКЮФ директору м.и.д., профессор Райымбеков О.Р., ЖАГУнун медицина факультетинин деканы к.м.н. Ташиева Г.С. созго чыгып бутуруучулорду 20 жылдык жолугушуу маарекеси менен куттукташты. Ошондой эле м.и.к., доцент Исраилова З.А., м.и.д.,профессор Муратов Ж.К., м.и.д. Муратов А.А., м.и.к., доцент Момунова А.А., профессор Абдыганиев Н.А., Матаипова А.М. жана башка кафедра башчылары, окутуучулар катышып, 25 жыл аралыгында медицина факультетинин басып өткөн жолу, тарыхы, факультетти түптөөдө болгон кыйынчылыктарга, жетишкен ийгиликтерге кеңири токтолуп, факультеттин тарыхында алтынчы жолу өткөрүлүп жаткан жолугушуу аземи менен бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Ошондой эле ОшМУда иштеп бутуруучулорго сабак берип кеткен, алыстан келе албай калган агай эжекелердин куттуктоолорунун видеоролиги көрсөтүлдү: Сатыбалдыев М.А., Роза Алимжановна, Рима Тагировна, София Сомеровна.ОшМУнун медицина факультетинин “Дарылоо иши” болумундо 1996-жылдан 2002-жылга чейин 35 тайпа окуган. Анын ичинде 16 тайпа бюджеттик негизде, 19 тайпа контракттык негизде окууну аяктаган. Алардын ичинен 36 студент артыкчылык дипломун алган. Бугунку кундо ар бир бир бутуруучу озунун аймагында мыкты адис, мыкты дарыгер, болум башчы, жетекчи, Саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер болуп отурушат, ошондой эле чет олконун РФнын саламаттык сактоосуна салым кошкон бутуруучулор да бар. Бардык бутуруучулорду камтыган презентация корсотулду.Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы Абдуллаев Азамат “Дени сак эл” ассоциациясы медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте иш алып бараткандыгын айта кетти. Дарыгерлер менен алыскы райондорго ден-соолукту коргоо, ооруну заманбап диагностикалоо жана дарылоо максатында коптогон иш-чаралар аткарылып келе жатканын белгиледи .Бүгүнкү иш чараны салтка айлантып, кийинки жылда бүтүрүүчүлөрдүн 20жылдык жолугушуусун өткөрүү максатында эстафета катары “ Бүтүрүүчүлөрдөн кубогу” жана “Китеби” Мирзакулов Д.С., Каримова Н.К. жана Эгембердиева Ж.Э. тапшырылды. Бул иш чаранын негизги максаты биздин бүтүрүүчүлөрдүн жумуш орду менен камсыз болуусу жана медицина факультетинен алган билимин баалоосун анализдөө, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын университет менен тыгыз байланышта болуу, деп кошумчалай кетти бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы А.Абдуллаев.Жолугушуунун аягында бүтүрүүчүлөр үчүн фотосессия, медицина факультетинин симуляциялык жана компьютердик тестирлөө борборлоруна экскурсия уюштурулду.