ОмММУ менен видеоконференция болуп өттү

2023-04-06 13:40:10 93

Омск мамлекеттик медициналык университети (ОмММУ) менен Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ортосунда видеоконференция болуп өттү. ОмММУ тарабынан окуу иштери боюнча проректор Е.Б. Павлинова жана дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү боюнча проректор А. С. Колчин, ал эми ОшМУ тарабынан эл аралык байланыштар департаментинин директору А. О. Абдувалиев, окуу бөлүмүнүн башчысы И.Н. Атабаев, медицина факультетинин деканы И. Т. Ыдырысов, медицина факультетинин деканынын орун басары Д.Ж. Жообасарова, медицина факультетинин окуу-методикалык кеңештин төрайымы А.Т. Турсунбаева, катышышты. Тараптар студенттер жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, эки дипломдуу билим берүү программалары, студенттерди практикадан өткөрүү, конок лекцияларын уюштуруу ж. б. боюнча кызматташууну талкуулашты. Бүгүнкү чогулуштун жыйынтыгында жогоруда аталган бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү, мисалы "Дарылоо иши", "Стоматология" жана "Фармация"адистиктери боюнча эки дипломдуу программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чечими кабыл алынды.