Октябрь, 2021: ИННОВАЦИИ МАЛОИНВАЗИВНОЙ ХИРУРГИИ

2021-10-21 09:24:03 126

2021-жылдын 15-16-октябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда "Инновации малоинвазивной хирургии" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп отту. Уюштуруучулар тарабынан видеоконференция форматында операциялык залдан кызыл онгочко, ашказан-ичегилерге, боорго, опкого, бойрокко, жыныстык органдарга эндовидеохирургиялык операциялары корсотулуп, талкууланды. Ошондой эле Москва шаарынан профессор И.Л.Андрейцев онлайн режиминде эндовидеолук "da Vinci" роботтук операциясы демонстрацияланды. Аягында катышуучуларга 12 саат олчомундо мастер класс откорулуп, сертификаттар берилди. Белгилей кетсек, аталган иш-чарага ОшМУнун медицина факультетинин хирургиялык оорулар кафедрасынын башчысы, м.и.д., профессор А.Муратов жетектеген делегация да катышып келишти.