Декабрь,2021:

2021-12-07 08:48:33 166

1-декабрь күнү СПИД менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата медицина факультетинин “Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу” кафедрасында студенттик илимий - семинар болуп өттү. Ага медицина факультетинин “стомотология”, “дарылоо иши” адистигинин 3-курсунун студенттери жана Табият таануу жана география факультетинин Туризм адистигинин ТМ(б)-1-18 тайпасынын студенттери катышышты. Семинарды “Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздуг” кафедарасынын башчысы, м.и.к., доцент Ч.Мамажакып уулу ачып, СПИД менен күрөшүүнүн актуалдуулугуна жана иш-чараны өткөрүү максатына кенири токтолду. Алгач СПИД тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, андан соң 3стом-1(б) тайпасынын студенттери Манас кызы Элиза, Сардарбек кызы Айтилек “СПИД жана аны алдын алуу жолдору” аттуу темада доклад жасашты. Тм-1(б)-18 тайпасынын студенттери СПИД тууралуу көчөдө, сулуулук салондорунда социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүшүп, анын жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Андан кийин СПИД ди алдын алуу, аны менен ооруган же жуктуруп алган жарандар менен мамиле, алардын коомдогу орду тууралуу викторина өткөрүлүп, ага студенттер активдүү катышышты. Иш-чаранын соңунда кафедра башчысы, доцент Ч.Мамажакып уулу семинардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, активдүү катышкан студенттерге диплом жана ардак грамоталарды тапшырды.