2020-2021 жылдын илимий-изилдөө бөлүмүнүн жыйынтыгында сыйлык алуучулардын тизмесинин буйругу салтанаттуу иш чарада тааныштырылды.

2021-12-28 14:25:21 150

27.12.2021 ж. саат 14:00 дө ОшМУнун чон актылык залында (ЧАЗ) илимий-изилдөө бөлүмүнүн 2020-2021 жылдын жыйынтыгында сыйлык алуучулардын тизмесинин буйругу салтанаттуу иш-чарада тааныштырылды.. Салтанаттуу иш- чарада университеттеги жооптуу жетекчилер, декандар, илимий иштер боюнча декандын орун басарлары, кафедра башчылары жана окутуучулары катышты. Медицина факультетинин окутуучулары ардак грамоталарга жана сертификаттарга ээ болушту. Алар: Муратов А.А.,Курбанбеков О. Юсупов Ф.А., Топчубаева Элида Scopus жана Web of science базасындагы басылмалардан чыккан макалалары үчүн сыйланышты.Топчубаева Э.Т. Scopus индекстелген илимий журналга жарык көргөн макаласы үчүн 12500 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Урология, онкология жана теривенерология кафедрасынын окутуучусу м.и.к., доцент Жунусов А.Т. "Мыкты окуу-усулдук колдонмо - 2021" номинациясы боюнча диплом менен сыйланды.