Бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайбыз!

2022-07-08 16:41:59 184

Мына бүгүн мезгил келип, 6 жыл билим алган алтын, жылуу уяңыздардан канат кагып, күүлөнүп, ар кимиңиздер, ар кай жактарга учуп кетип жатасыздар. Шыңгыраган студенттик күндөрдүн үнү кайда? деп жакшы күндөрдү эстөө да өзүнчө керемет эмеспи. Мугалимдердин талыкпай берген билимин, татыктуу тарбиясын, ата-энеңиздердин ак мээнетин актаган, келечекте биз сыймыктанган, эл үчүн кызмат кылган, эл керегине жараган дарыгерлерден болуңуздар. Сиздерге узак өмүр, бакыт-таалай, ачык маанай, түгөнгүс ырыскы, турмуштун ырахатына ыраазы болуп. ынтымак ырыскылуу узаак өмүр сүрүшүңүздөрдү, бакубат турмушту каалайбыз. Силерсиздер эми нак доор сүрүүчү, Сапаттарга ээ болуп түз жүрүүчү. Келечекте талпынып, кадам таштап, Ак жол сага алтындай бүтүрүүчү.