• Новости
  • Нормальная и топографическая анатомия с курсом конституциональной типологии человека

ANATOMY, ноябрь, 2022 // Илим жана мугалимдер күнү ОшМУда салтанаттуу белгиленди.

2022-11-17 07:54:51 104

2022-жылдын 15-ноябрында Ош улуттук драма театрында Илим жана мугалимдер күнү ОшМУда салтанаттуу белгиленди. Иш-чара кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган майрамдык “Мугалим-билим ачкычы, Профсоюз-эмгек сакчысы” концерттик программасы менен коштолду. Салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, окуу жайда аткарылып жаткан иштер, алдыга койгон бийик максаттар тууралуу маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Илим күнүнө карата 2021-2022-жылдарында жарык көргөн эмгектери үчүн өткөрүлгөн “Мыкты окуу жана илимий эмгек” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө диплом, сертификат жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алардын катарында кафедра башчы, доц. К.Сакибаев II-даражадагы, ал эми доц. Б.Кенешбаев III-даражадагы дипломдорго ээ болушту.