Медицина факультетинин студенттери VII эл аралык студенттер арасындагы хирургиялык дисциплиналар боюнча олимпиадада III орунду багындырды.

2022-12-11 12:57:41 238

Ош Мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттеринен турган хирургиялык дисциплиналар боюнча олимпиадалык «VITOSS» командасы Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында Новосибирск Мамлекеттик медициналык университети уюштурган VII эл аралык студенттер арасында хирургиялык дисциплиналар боюнча 07.12.2022-10.12.2022 болуп өткөн олимпиадасында биздин студенттер жалпы командалык эсеп боюнча III орунду багындырышты. Жалпысынан эл аралык олимпиадага Новосибирск мамлекеттик медицина университетинен 6 команда, Санкт-Петербург Мамлекеттик медициналык университетинен 1 команда ,Кыргыз-Орус славян университетинен 1 команда , Тюмень Мамлекеттик медициналык университетинен 1 команда , Новосибирск Мамлекеттик университетинен 1 команда , Ош Мамлекеттик университетинен 1 команда , Тверь Мамлекеттик медицина университетинен 1 команда , жалпысынан 7 окуу жайдан 12 команда катышты : 1-чи орунду Биринчи Санкт-Петербург Мамлекеттик медициналык университети , 2-чи орунду Новосибирск мамлекеттик медицина университетинин 3-4 командасы , 3-чу орунду Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультети ээледи. Эл аралык олимпиадага студенттерди коштоп Медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысов жана травматология кафедрасынын мугалими, өндүрүштүк практика боюнча декандын орун басары Эркинали уулу Бектур коштоп барышты . Ошондой эле олимпиаданын жүрүшүндө Новосибирск Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо иши факультетинин деканы м.и.д., профессор А.С.Новиков менен Медицина факультетини деканы м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысов официалдуу эмес жолугушуу өтүп,келечекте эки тараптуу кызматташуу боюнча консультациялык суйлөшүүлөр болуп өттү.