Медицина факультеттинин имараты жалпы капиталдык ремонттон өттү.

2022-12-28 13:17:12 101

2022- жылды жыйынтыктоодо медицина факультетинде көптөгөн жаңылануулар болду, факультеттин имараты жалпы капиталдык ремонттон өттү, окутуучулар жана студенттер заманбап жаңы жылуу кааналарда сабак өтүшүүдө. Факультеттин фоэсинин жана лекциялык залы өзгөчө дизайнда жасалгаланган. Андан тышкары, 2 клиникалык кафедрага сенсордук интерактивдуу 3Dстол, 8 кафедрага сенсордук интерактивдүү доска жана 2 данаа LED экрандар алынды. Медицина факультетинин имаратынын жаңылануусу студенттердин жана окутуучулук профессордук курамдын маанайларын көтөрүп, окууга жана иштөөгө түрткү болууда. Университеттин жетекчилигинин медициналык факультетке жаңы шарттарды түзүп бергендиги жана жаны корпустардын салынып жаткандыгы жамаатка жаны дем күч менен иштөөгө шык берет! Медицина факультетинин жамааты ОшМУнун ректору Кудайберди Гапаралиевичке терең ыраазычылык билдирет.