Медицина факультетинде жаңы жылдык кече абдан жакшы маанайда өттү.

2022-12-28 15:41:41 111

Медицина факультетинин жаңы жылдык кечеси абдан жакшы маанайда өттү, салтанатты уюштуруу"Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия конституционалдык типология" кафедрасынын башчысы Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич жана "Жалпы клиникалык биология жана патофизиология" кафедрасынын башчысы Молдалиев Жоомарт Тумаковичтин жетекчилиги менен болду. Жаны жылдык салтанатта улуттук колориттеги даамдар табитти ачты. Ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер жана түрдүү номинациялар тапшырылды. Областтык профсоюз комитети, факультеттин профбюросу жана факультеттин жетекчилигинен окутуучуларга грамоталар жана ыраазычылык каттар берилди. Ректораттын өкулдөрүнө кафедра башчылары тарабынан жыл ичиндеги жаны корпустар үчүн каптиладык ремонт үчүн ыраазычылык билдиришип, жалпы жамаатты жаңы жылы менен куттукташты. Педиатрия кафедрасынын башчысы, доцент Нуруева Замира Аттокуровна областтык балдар ооруканасынын подвалынан жаңы реконструкция болуп салынган имаратта иштеп жаткандары үчүн ректоратка терең ыраазычылык билдирди.