Куттуктоо!

2023-02-04 12:00:59 91

КУТТУКТОО !!! ОшМУнун медицина факультетинин “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын улук окутуучусу Матаипова Анара Кушубаковна 2023 – жылдын 3-февраль күнү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институту жана тең уюштуруучу Ош мамлекеттик университетине караштуу Д02.21.629 диссертациялык кенешинде. “Глицирам жана кээ бир аминокислоталардын супрамолекулалык системасынын алынышы жана касиеттери” деген аталыштагы темада 02.00.03 - органикалык химия адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Анара Кушубаковнага чың ден-соолук, иштерине албан-албан ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ректорат Деканат Кафедра