1-6-курс студенттеринин ортосундагы футбол боюнча мелдеши.

2023-02-24 19:58:07 95

22.02.2023. Сергек жашоо жана ден соолук жылынын алкагында, Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата медицина факультетинин 1-6 курстарынын студенттеринин ортосунда спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты студенттердин ортосунда достукту бекемдөө жана ден соолукту чыңдоо. Мелдешке 28 команда катышып, жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келип окуган студенттерибиз да активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мелдешти уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн медицина факультетинин акыйкатчы аппаратына жана жаштар кеңешине ыраазычылык билдиребиз.