ОМСК жана ОшМУ эки тараптуу кош дипломдук келишим.

2023-04-19 07:35:38 85

Омск мамлекеттик медициналык университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Иш-чарага Омск мамлекеттик медициналык университетинен дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү боюнча проректору А. С. Колчин келип, медицина факультетинин деканы м.и.д.,профессор И.Т.Ыдырысов жана Эл аралык медицина факультетинин деканы м.и.д.,профессор Р.К.Калматов жана ошондой эле факультеттин окуу профессордук курамы менен жолугушуп окуу пландар менен таанышып чыкты. Келишимде студенттер, ординаторлор окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, студенттерди практикадан өткөрүү, конок лекцияларын уюштуруу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү каралган.