• Новости
  • Общая, клиническая биохимия и патофизиология

2 жана 3 курс студенттеринин арасында биохимия боюнча

2023-05-11 06:15:50 116

27.04.2023 "Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология" кафедрасы 2жана 3 курс студенттеринин арасында биохимия боюнча "МЫКТЫ БИОХИМИК»🧑‍🔬🧪🔬 КВН-олимпиадасын өткөрдү. Конкурста 5 команда катышты. 1-команда «Динамит» дарылоо иши 2- команда "ДНК" дарылоо иши 3- команда "Күндүзгү маанай» фармация адистиги 4- команда «Азия стом» стоматология 5-команда "Абайлаңыз СЭС" командасы. Олимпиаданын максаты-студенттердин оорунун себептерин изилдөөдө жана профилактикалык иштерди жүргүзүүдө ролун көрсөтүү аркылуу жалпы жана клиникалык биохимия сабагына болгон кызыгуусун арттыруу. Медицина факультетинде жалпы дарылоо иши, педиатрия, стоматология, МПД жана фармация адистиктеринин ортосундагы атаандаштык жана достук байланыштарды чыңдоо. Сынактагы калыстар тобу: КР УИА корреспонден мүчөсү, б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., м.и.д., профессор Калматов Р.К., м.и.д., профессор Мамаев Т. М., м.и.к., доцент Арстанбеков М.А., м.и.к., доцент Беркмаматов ., м.и.к., доцент Мамажакып уулу Чынгыз., б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т., б.и.к., доцент Абылаева Б.А., х.и.к., доцент Гаффорова Х.И., б.и.к., Ташматова Н.К., улук окутуучу Матаипова А.К., улук окутуучу Исраилова С.А жана окутуучулар: Жаркынбаева Р.А., Мырзабаев И.Т., Топчубаева Э.Т, Мааматова Б.М., Абдыкарова А.С., Жолдошева С , Кадырали к. Б, Абдувалиева М,Афдандилова Б.А жана Баатырбекова Д.Б катышты . Сынак 3 этаптан турду: 1-этап: "Саламдашуу" 2 - этап: Жалпы жана клиникалык биохимия боюнча биохимиялык формулалар жана ситуациялык суроолор сырдуу сан менен кутучага катылган. 3-кадам: Алар команданын бир мүчөсүнүн колунан канды пробиркага алып, гемоглобиндин санын аныкташат. Иштин методикасына маани берилет. Гемоглобиндин биохимиясы боюнча маалымат берүү. Иштин жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн мыкты билимин, жоопкерчиликтүүлүгүн жана тапшырмаларга чыгармачылык менен мамиле кылаарын көрсөтүштү. Гран при сыйлыгы менен «Абайланыз СЭС» командасы ээледи 1-орунду🥇 «Биохимпед» командасы 2-орун 🥈 "Азия Стом" 3-орун 🥉 "Күндүзгү маанай" командасы ээледи. Катышуучулар сыйлыктар жана сертификаттар менен сыйланышты!!!Жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктайбыз! ОшМУнун мамлекеттик тили жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к, доцент Шарипова М.С., ф.и.к., доцент Нармырзаева К эжекелерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!💐💐💐