• Новости
  • Общая, клиническая биохимия и патофизиология

Канткенде китеп окуйбуз?

2023-05-11 06:36:32 77

Медицина факультетинин тарбия иштери жана "Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология" кафедрасынын демилгеси менен 23-апрель "Китеп күнүнө" карата акын, жазуучу, котормочу Куштарбек Кимсанов менен "Канткенде китеп окуйбуз?" аттуу темада семинар болуп өттү. Медицина факультетинин деканы, профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович, кафедра башчысы, доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович семинарды ачып берип, акын, жазуучу Куштарбек Кимсанов китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу, китеп окуу менен аң сезимди, мамилени, ой жүгүртүүнү өнүктүүгө болоорун айтты. Семинарга факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында активдүү катышуучулар белектерге ээ болушту. Аягында китеп жарманкеси уюштурулду.