"Педиатрия кызматынын регионалдык маселелери" аттуу конференция.

2023-05-12 05:00:45 79

12-май 2023-жылы ОшМУнун медицина факультетинде Кыргыз Республикасынын "Эмгек сиңирген даарыгери", м.и.к., доцент Төлөн Шайназаровтун жаркын элесине арналган Республикалык "Педиатрия кызматынын регионалдык маселелери" аттуу конференциясы болуп өттү. Конференцияны ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков ачып берди. Конференцияга медицина факультетинин "Педиатрия", "Балдар хирургия" кафедраларынын башчылары жана окуу профессордук курамы,ошондой эле Ош шаардык ооруканалардын жетекчилери жана педиатр дарыгерлери келип катышты.