• Новости
  • Экстремальная медицина и безопасность жизнедеятельности

"7-апрель-Бүткүл дүйнөлүк ден -соолук"

2023-05-12 10:54:11 107

2023-жылдын 14- апрель куну "Экстремалдык медицина жана өмүр коопсуздугу" кафедрасында "7-апрель-Бүткүл дүйнөлүк ден -соолук" күнүнө карата медицина факультетинин «дарылоо иши» адистигинде окуган 3-курстун студенттеринин, тагыраак айтканда ЛБ-1а-20 жана ЛК-17б-20 тайпаларынын катышуусунда конкурс - викторина өткөрүлдү. Иш чаранын башталышында аталган кафедранын башчысы, м.и.к., доцент Ч.Мамажакып уулу соз суйлоп, откорулуп жаткан конкурстун, анын тематикасынын маанилуулугуно токтолуп, уюштуруучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирди. ЛБ-1а-20 тайпасы даярдап келген презентациясын катышуучуларга тартуулашты, ал эми ЛК-17б-20 тайпасынын студенти Э. Абдымомунов тема боюнча доклад жасады. Андан сон студенттер кафедранын окутуучулары тарабынан даярдалган викториналык суроолорго жооп беришип, кроссворд жана башка тапшырмаларды аткарышты. Викторинага аталган тайпалардан сырткаркы ЛК-5а-20 жана ЛК-9б-20 тайпалары дагы катышышты.Активдүү студенттер грамоталар менен сыйланышты.