• Новости
  • Общая, клиническая биохимия и патофизиология

"Евразиянын биоартүрдүүлүгүн коргоо: учурдагы проблемалары, перспективалары жана чечимдер" аталышындагы I эл аралык конференциясы

2023-05-17 06:16:13 88

2023-жылдын 15-17-майында Өзбекстан-Түркия- Азербайжан мамлекеттеринин Андижан мамлекеттик университети, Эгей университети, Баку мамлекеттик университеттери тарабынан "Евразиянын биоартүрдүүлүгүн коргоо: учурдагы проблемалары, перспективалары жана чечимдер" аталышындагы I эл аралык конференциясы Андижан шаарындагы Андижан мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович, б.и.к., окутуучу Ташматова Нурила Кубатовна, окутуучулар Жаркынбаева Роза Абдимаматовна, Мырзабаев Иманкул Тургунбекович катышып сертификаттар менен сыйланышты.