Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата медицина факультетинин профессордук окутуучулук курамында жакшы жетишкендиктер болду!

2023-09-15 10:59:35 96

Акушердик жана гинекология кафедрасынын доценти, м.и.к. Исраилова Зейнеп Абдыкалыковна, Балдар хирургиясы кафедрасынын профессор, м.и.д. Маметов Равшан Райымбердиевич, Адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия конституциялык типология курсу менен кафедрасынын доценти, м.и.к. Беркмаматов Шамырбек Токтосунович, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Эмгек сиңирген ишмер аттуу ардактуу мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты. Урматтуу Зейнеп Абдыкалыковна, Равшан Райымбердиевич, Шамырбек Токтосунович! Сиздердин мамлекет үчүн, саламаттыкты сактоонун өнүгүшү үчүн кошкон салымыныздар баа жеткис! Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата алган сыйлыгыныздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге чыгармачылык ийгилик каалайбыз!