Общественное здравоохранение

2023-09-27 05:14:29 72

2023-жылдын 18-29-сентябрь күндөрү Ош, Бишкек шаарларында жана Ош, Чүй облустарында кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизация боюнча иш-чара жүргүзүлүп, ОшМУнун медицина факультетинин МПД адистигинде 4-5-курстарында окуган 26студент волонтёр катары активдүү катышып жатышат. 10 күндүк волонтёрдук иште студенттерибиз 9 айдан 7 жашка чейинки балдарды эмдөө иштери боюнча шарты катаал аймактарда түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.