• Новости
  • Фармацевтическая химия и технология лекарственных средств

Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери

2023-10-17 08:24:07 43

Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Гео-маалыматтык системалар жана аралыктан зонддоо борборунун жетекчиси, ф.-м.и.к. Орунбаев Сагынбек Жолчуев Илим изилдөөнүн актуалдуу маселелери аталышындагы баяндамасын окуп өттү. Семинардын алкагында илим изилдөөнүн ыкмалары, жарык көрүүчү макалаларды актуалдаштыруу, башка багыттагы илимдер менен биргеликте иш алып баруу жана цитирлөө көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча маселелер каралып, бир канча сунуштар айтылды. Фармацевтикалык химия жана дары каражаттарынын технологиясы кафедрасынын кызматкерлери да аталган семинарга катышып, өз билимин өркүндөтүп кайтышты.