Общественное здравоохранение

2023-10-24 08:55:01 42

2023-жылдын 19-октябрь куну ОшМУнун медицина факультетинин "Коомдук саламаттыкты сактоо" кафедрасы Эл аралык Биоэтика кафедрасы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "Коомдук саламаттыкты сактоо жана саламаттык" кафедрасы менен биргеликте VIII Дуйнелук Биоэтика кунун "Келечек муунду коргоо!" деген темада симпозиумду ийгиликтуу еткерушту. Симпозиумга ардактуу коноктор чакырылды: жергиликтуу саламаттыкты сактоо жетекчилигинен ОМОКБ башкы врачынын орун басары Алимкулов А.А., Ош шаардык санитардык- эпидемиологиялык коземел тармагынан ГЦПЗ и ГСЭН башкы врачтын орун басары Орозбаева С.М., КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коземел министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын мониторинг белумунун башчысы Закиров Канатбек Каримович, "Билим" лицейинин жана Курманжан Датка мектебинин мугалимдери жана окутуучулары. КММА жана кыргыз жана казак илимий коомчулугу учурдагы биоэтика маселесине арналган илимий докладдарды угушуп, талкуулашты. Иш-чаранын алкагында "Келечек муунду коргоо" темасына арналган сынак жарыяланып, комиссия тарабынан женуучулер атайын дипломдор жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Медико- профилактикалык иш адистиги, дарыгердик кесип, ОшМУдагы студенттердин келечеги учун керулген камкордук тууралуу маныздуу баяндар угулду. Симпозиумду уюштурууга активдуу катышкан окутуучулар Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана сан.эпид.кеземел борборунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.