• Новости
  • Общая, клиническая биохимия и патофизиология

ОшМУда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Илим күнүнө арналган салтанаттуу кече

2023-11-12 16:35:54 55

9- ноябрь күнү ОшМУда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Илим күнүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулду. Кечеде 2022-2023-окуу жылындагы окуу-усулук, илимий, тарбиялык иштердин жыйынтыгы чыгарылды жана Scopus базасына катталган эл аралык илимий журналдардан чыккан макалалардын авторлоруна сыйлыктар ыйгарылды. Салтанаттуу кечеде Медицина факультетинин "Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы, б.и.д., профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна Сертификат менен сыйланды. Ал эми , Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министрлигинин "Илимдин мыктысы" төш белгиси, күбөлүгү менен кафедранын доценти б.и.к. Молдалиев Жоомарт Тумакович сыйланды.